18:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кызыл-Кыя шаарында мас айдоочу тартип сакчысына темир бурагыч сайган

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында мас айдоочу тартип сакчысына темир бурагыч сайган. Бул тууралуу жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрда жол көзөмөл кызматынын кызматкерлери баш ийбей качкан «Тико» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу алкоголдук текшерүүдөн өтүп, ичимдик ичкендиги аныкталган.

«Унааны айып токтотуучу жайга киргизгенден кийин айдоочу ачууланып, унаанын ачкычын бергиси келбей милициянын көкүрөк тушуна бурама бурагыч менен уруп, качып кетүүгө аракет кылган. Бирок, жабыркаган тартип сакчы менен кароолчу аны кармап калышкан», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар