08:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Экс-президент: Күнөөсүз Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап коюшту

Кечээ мурунку президент Алмазбек Атамбаев коомдогу кырдаал, мурунку аткарган иштери, Сооронбай Жээнбеков жана ЖЭБдеги кырсык тууралуу Апрел телеканалына маек куруп берди. Анда журналисттердин берген суроолору жана экс-президенттин жообу өзгөртүүсүз берилди. 

-Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу эмне айтат элеңиз?

— Бул маалыматтын эмне үчүн азыр жарыяланып кеткени түшүнүктүү. Икрамжан Илмияновду камашты. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын бухгалтери да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат. Бүгүнкү бийлик Бакиевдинжолу менен бара жатат. Бул документ тууралуу билгендер өмүрү үчүн кооптонуп жатышат.

Кулматовду эмне үчүн паспортко байланыштуу отургузуп коюшту? Бакиевдин учурунда Медет Садыркуловду өлтүрүшүп, алар муну менен «каалаган адамды өлтүрүп коё алабыз» дегенди көрсөтүшкөн. А булар күнөөсүз Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап коюшту. «Карагыла, каалаган адамды отургузуп коё алабыз, керек болсо, өлтүрөбүз!» — деп жатышкандай. Адамдар өз өмүрүнө кооптонуп жатышат. Икрамжан Илмиянов кармалбаганда бул документтер ачыкка чыгып кетмек эмес.

Бул үй-бүлө жүзүн көпкө чейин жашырмак деп ойлойм. Мени таң калтырганы — фонд боюнча чектөөлөрдү атайын алып салганбыз. Бул таза жана ачык-айкын акча болсо, анда эмне үчүн акчанын бардык көлөмүн көрсөтүшкөн эмес? Бул мени кайгыга салат.

— Жээнбеков биринчи маегинде сиз менен болгон конфликт тууралуу айтыптыр. Сиз съездде аны коррупция жана ЖЭБдеги авария боюнча айыптадыңыз беле?

— Мен Жээнбековго «сен коррупция менен күрөшүп жатсаң президент катары документтерге жакшы көңүл бурушуң керек» дегем. Коррупция менен күрөшүп жатсаң досторуңдун катарында Раим Матраимов болбошу керек. Бир тууганы Асылбек Жээнбековдун депутат болуп иштөөнү улантканы президентке жаман таасир тийгизерин айткам. Ошондой эле ЖЭБди оңдоо боюнча тендер Жээнбеков премьер-министр болуп турган маалда ошонун командасы менен болгонун айткам. Айыптоолор болгон эмес, алдын ала эскертүү болгон.

— Съездден бир күн алдың 4 сааттай сүйлөшкөнүңүздөрдү маегинде айткан экен. Съездде сүйлөгөн сөзүңүз аны таң калтырыптыр. Бул боюнча өзүнө айткан эмес белеңиз?

— Шайлоо кампаниясынын чыныгы спонсорун билерим менен бир тууганың парламентте калбашы керек, Раим миилион менен дос болбошуң керек, ЖЭБдеги аварияны Сапар Исаковго оодарбоо керектигин курултайга чейин айткам.

— Жээнбеков шайлоо алдында «Көч уланат» деп Атамбаевдин ишин улантарын айтып келген. Бирок маегинде «Бийлер келип кетерин, бирок көч ошол бойдон калат. Мен дал ошол көчтү улантам» деген. Башкача айтканда ал мурунку президенттин көчүн улабай турганы тууралуу эмне айта аласыз?
 
— Менимче ал шайлоо алдында адамдарды алдап жаткан. Азыр ал Бакиевдин жолу менен келе жатат. Мен ага 29-мартта сени карап Бакиевди көрүп жатам дегем.
 
— Жээнбеков «Үчүнчү жактар аркылуу менин ишимди көзөмөлдөө аракети ага адам катары, экс-президент, партиялаш катары кадыр барк алып келбейт» деген. Кандай аракеттер тууралуу сөз болуп жатат?
 
— Үчүнчү жактар тууралуу сөз болсо бир туугандарыны башкарып жатышкандыр.
 
— Жээнбековдун маегинде партиянын ишиндеги жасаган эмгеги бааланбаганы боюнча кайсы бир деңгээде таарынычы бар экенин байкоого болот. Өзүнүн айтымында ал Июнь окуясында өмүрүн да, карьерасын да тобокелге салган. «КСДПнын Оштогу рейтинги нөл болуп турганда биз түйүндөрдү ачып партиянын аброю кыска убакытта жогорулады» дейт Жээнбеков. Бул тууралуу эмне айта аласыз?
 

Жээнбековго чейин эле биздин партияда рейтинги жогору адамдар бар эле. Шайлоо болгон жылы, 2017-жылы анын рейтинги 3 пайыз болчу. Ал бизге кандай рейтинг кошо алат эле? Ош окуясы учурунда Жээнбеков Мырзакматовдун алдында көлөкө эле. Өмүрүн тобокелге салганы боюнча бир жолу да Жээнбеков тууралуу айтышкан эмес. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов тууралуу айтышчу. Ал эми Жээнбеков тууралуу эч ким сүйлөчү эмес. Ушул жыл аралыгында коргоп сүйрөп жүргөнүмө түшүнбөй кетем.

Алмазбек Атамбаев
 
 
— «Партиябыз үчүн оор күндөрдө, өзгөчө түштүктөгү окуялар болгондо анын жанында жүргөм. Баары качып кетишкенде да, кооптуу болсо да жанында жүргөм» деп айтыптыр. Ал чын эле жаныңызда болду беле?
 
Биз 1995-жылдан бери достошуп келдик. Сооронбай Жээнбеков маек бергенде 2000-жылы вице-спикер болгонун айтыптыр. 2000-жылы президенттик шайлоого катышканымда Жээнбеков артка чегинип кеткен. Исхак Масалиевге кайрылгам. Ошондо атасы Апсамат Масалиев менден «сенин партиялашың бар го, Сооронбай Жээнбеков. Эмнеге ал колго албайт» деп сураганда уялгам. Дал ушундай көрүнүш 2005-жылы Акаевди бийликтен кетирүүгө барганда болду. Мен Жээнбеков жасаган көп нерсени кечирип келчүм.

Путин «бир жолу чыккынчылык кылган адам кийин да чыккынчылык» кылат деген эле. Жээнбековду болобу, Мурмукуловду болобу кечирип келгем. Ошентсе деле Путин чын айткан экен.

 
— Сооронбай Жээнбеков сиз тууралуу «ал досум, партиялашым дегенди жакшы көрөт. Бирок достор, партиялаштар андай иштерге барбайт» деп билдирген. Бул боюнча эмне айтат элеңиз?
 
— Биз 24 жыл дос болдук. Сооронбай Жээнбековду депутат кезин, вице-спикер кезин, министр кезин эстейм. Анын суранычы менен инисин партиялык тизмеге коштум. Ал үч жолу депутат, эки жолу спикер болду. Жээнбековду президенттикке чейин алып келдим. Агасын эки жолу элчи кылып дайындадым. Бирөөнүн артына ондогон жылдар бою жашынып, анын коргогонун колдонуп жүргөндөр бар. Кайсы бир нерсеге жетишет. Бир күн мага эми кереги жок деп жөлөнгөнүнө бычак саят. «Досум» деген сөз Жээнбеков айта турган сөз эмес.
 
— Саясатта каларыңыз белгилүү. Кандай пландарыңыз бар?
 

Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бакиевдин жолуна түшүп кетпөө үчүн калам. Өлкөдө кырдаал ушундай, дагы Бакиевдин жолуна түшүп кете тургандай болуп турат. Башка нерсе менен алек болууну пландагам. Бирок саясатта калууга аргасызмын.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума