17:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Апрель» телеканалы менен Алмазбек Атамбаевге карата соттук кароо иши башталды

Октябрь райондук сотунда «Апрель» телеканалы менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата соттук кароо иши башталды. Доогерлер мурунку депутат Ахматбек Келдибеков, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана УКМКнын мурунку башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев. 

Телеканалдын директору Дмитрий Ложников «канал Алмазбек Атамбаевдин интервьюсун көрсөтүп журналистика принциптерин бузган жок» деп билдирди.

«Мен психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү аткаруудан баш тарткан сотко капамын. Биздики туура деп эсептеймин, бирок соттун чечимин күтөбүз. Бул абалда биздики туура беле же жокпу түшүнгүм келет. Биз эфирди соттук териштирүүлөрдөн кийин берүүгө даярбыз. Бизде 55 мүнөттүк программа бар, албетте эфирдин баары Атамбаев тууралуу гана болбойт», -деди ал.

Эске салсак, Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев Алмазбек Атамбаевден жана анын телеканалынан моралдык чыгымды өндүрүп алуу ниетин көздөшүүдө. Доонун суммасы 18 миллион сом. Мурунку аткаминерлерди Алмазбек Атамбаевдин канал аркылуу алардын дарегине айтылган сөздөрү нааразы кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар