06:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош облусунун аймагында жер титиреди

Бүгүн, 13-ноябрь күнү таңкы саат 6:52де Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка таянсак, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алай районунда орун алган. Жердин силкинүүсү Кара-Шыбак айылында 3, Кызыл-Эшме, Кулчу, Чак айылдарында 2,5 жана Ачык-Суу айылында 2 баллга сезилген.

Жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыр тарткандар катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар