09:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

2-ноябрь Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанат, Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында чоң салтанат менен белгиленди.

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова маданият кызматкерлерин куттуктап, ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктарын тапшырды.

Бул күнү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Баткен облусунун аймагындагы жумалыгы да жыйынтыкталып, өткөрүлгөн иш чараларга баа берилип, иш чара өз максатына жеткендиги белгиленди.

Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын сыйлоо аземи болду.

Ыйгарым укуктуу өкүлдун орун басары Чынара Саттарова III Дүйнолүк Көчмөндөр оюндарында Баткен облусунун элинин каада салтын, үрп адатын, жашоо турмушун чагылдырууда активдүу катышкан ар бир катышуучуга, өзгөчө маданият кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, сыйлыктарды тапшырды.
Салатанаттын катышуучуларына Апаз Жайнаков атындаагы музыкалык драма театрынын артисттери Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун калемине таандык Жамийла повести тартууланды. Артисттер ар бир каармандын образын мыкты чеберчилик менен ачып берип, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар