Кыргызстандын мурунку президентинин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов тергөө менен тыкыр иштешкен жок. Бул тууралуу КСДП фракциясынан билдиришти.
Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, УКМКнын Икрамжан Илмиянов тууралуу тараткан маалыматы-чагымчылдык.
«Мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев тергөө менен байланышкан жок, алар күнөөнү мойнуна алышкан эмес», -деди Кундуз Жолдубаева.
УКМК алдамчылыкка шектелип кармалган Икрамжан Илмиянов активдүү түрдө тергөөгө жардам берип жатат деп билдирди.