09:41
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Суусамырда үч киши айдоочу менен жүргүнчүлөрдү карактады

Суусамыр өрөөнүндө Бишкек-Ош жолунда бараткан айдоочу менен жүргүнчүлөрдү үч киши карактады. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, үч адам машинедеги төрт кишини тапанча менен коркутуп, 35 миң сомун тоноп кеткен.

Шектүүлөр «Сосновка» постунда токтотулуп кармалган. Алардын автоунаасын текшерүү учурунда таксинин шашкасы менен тапанча табылып, кармалгандардын бири каракчылык кылганын моюнга алышкан.

Милиция бул адамдар Талас облусунда каракчылык кылып, «ошол эле максатта Бишкекке келаткан болушу мүмкүн» деген маалымат таратты. Шектүүлөр учурда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө. Тиешелүү экспертизалар дайындалганы кабарланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума