08:13
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстандык спортчулар таэквондо ITF боюнча ачык чемпионатта 9 медаль утушту

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн таэквондо ITF боюнча ачык чемпионатта 9 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине кыргызстандык спортчулар билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чара Астанада өтүп, ага 200дөй спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан Аламүдүн районундагы № 2 өспүрүмдөр спорт мектебинин командасы беттешти. Аларды жетектеп башкы машыктыруучу Сергей Фаустов жана Карлыгаш Фаткулина барган. Кыргызстандык спортчулардын капчыгында 3 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль топтолду.

Биринчи орунду Азизбек Дүйшөнбеков, Карим Ибрагимов жана Кирилл Дрозденко, 2-орунду Эсентур Текебаев жана Айназик Абдужаббирова, 3-оурнду— Алим Эмиров жана Илим Тажибаев алды. Ал эми Имран Михманов экинчи жана үчүнчү орундарды багындырды.

Эң көп окулган жаңылыктар