17:31
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Үй-бүлө кургандардын 20 пайызы ала качуунун курмандыгы болуп отуруп калгандар

Кыргызстанда үй-бүлө кургандардын 20 пайызы ала качуунун курмандыгы болуп отуруп калгандар. Бул тууралуу парламенттин отурумунда акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Айтымында, ала качуу боюнча 13 кылмыш иши козголгон.

БУУ комитети ала качууну жок кылуу үчүн, бийликти юридикалык жана укуктук механизмдерди күчөтүүгө чакырды. Анда кылмышкерлерди жазалоо, жабырлануучу тараптын моралдык чыгымын төлөтүү сыяктуу шарттар каралган.

Эске салсак, буга чейин турмушка кыйнап берүүдө жоопко тартууну күчөтүү сунушталган.

Эң көп окулган жаңылыктар