15:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Депутат Таабалды Тиллаев президентке жаңы учак белекке бериш керек деп эсептейт

Депутат Таабалды Тиллаев президентке жаңы учак белекке бериш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал парламенттин отурумунда айтып чыкты.

Унаа жана жолдор министрлиги Жамшитбек Калилов билдиргендей, Ту-154 учагы менен болгону мамлекет башчысы учат. Жаңы учакты каржы жетишсиздигинен улам мамлекет сатып ала албайт.

Таабалды Тиллаев министрлик башка компаниялар жана өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү беле деп кызыкты. «Бул бортту Орусия белекке берген. № 1 бортту Өзбекстандын башчысына беришкен. Биз Түркия менен достук мамиледебиз. Президент бул маселени көтөрүп чыкса болот. Ал катардагы жарандар менен учуп жүрөт, буга биз кубанбашыбыз керек. Анын коопсуздугун ойлонушубуз зарыл», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар