20:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Музыканын үнүн катуу коюп уккандыгы үчүн айылдашын сабап салышты

Ысык-Көл облусуна караштуу Тамчы айылында жергиликтүү тургундар музыканын үнүн катуу коюп уккандыгы үчүн айылдашын сабап салышты. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучунун жаагы сынып, көзү жаракат алган. Мындан тышкары тиши сынып, баш мээси чайкалган. Анын абалы оор.

«Жабырлануучуну 3 тургун сабаган. 15-октябрдан 16сына караган түнү ал телефонунан музыка угуп жатканда, эшикти айылдаштары такылдатып, музыканын үнүн акырындатып коюну айтышкан. Натыйжада мас абалындагы тургундар аны сабап салышкан», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эң көп окулган жаңылыктар