06:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандык спортчулар гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпионатында 3 медаль утушту

Кыргызстандык спортчулар гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпионатында 3 медаль утушту. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган спорттун түрү боюнча федерациянын вице-президенти Эмил Чакибаев билдирди.

Айтымында, спорттук иш-чара Латвияда өттү. Ага 50 өлкөдөн 400 спортчу катышты.

Эркектер арасында 85 килограмм салмак ченинде Токтосун Мурзаев күмүш медаль тагынды. Ардагерлер арасында ушул эле салмак ченинде коло медалды Нурлан Айдаров багындырды. Ал эми 73 килограмм салмак ченинде Меербек Рыскулов. коло утуп алды.

Эң көп окулган жаңылыктар