16:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Балдар бакчаларга электрондук кезек аркылуу 5 минден ашуун бала кабыл алынды

Бишкектеги балдар бакчаларга электрондук кезек аркылуу 5 минден ашуун бала кабыл алынды. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

Маалыматка караганда, кезекке жалпысынан 11 миң 753 бала турган, ал эми 5 миң 267си бала бакчага кабыл алынды.

«Шаардык статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Бишкекте 3 жаштан 7 жашка чейин 88 миң 749 бала жашайт. Балдар бакчасына баргандардын саны 22 миңден ашуун», -деди билим берүү башкармалыгынын башчысы.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 85 муниципалдык балдар бакчасы иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар