14:47
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Электрондук кезек. Бишкектин мектептеринде 1-класстар үчүн бош орундар калды

Бишкектин мектептеринде биринчи класстар үчүн бош орундар калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Мектепке электрондук түрдө катталууну» иштеп чыккан Төлөгөн Аматов билдирди.

Айтымында, 1 миң 31 орун бош турат.

Маалыматка ылайык, 28-августка карата 16 миң 724 арыз келип түшкөн. 15 миң 988 бала каттоого кирди, дагы 629 арыз жактырылып, 27 арыз кароодо турат. 50 арыздан баш тартылды.

Ленин районундагы мектептерде бош орундардын саны көп −555 орун, ал эми Свердлов районунда эң аз-124 орун. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума