13:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Электрондук каттоо системасы 2020-жылы өлкөнүн 4 шаарына киргизилет

2020-жылдан баштап Кыргызстандын 4 шаарында мектепке электрондук түрдө каттоо системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 15-февралынан тарта Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мектептеринде электрондук каттоо башталат.

Учурда электрондук каттоо системасы Бишкекте иштеп жатат. Долбоор ишке киргенден тарта 15,7 миң билдирүү келип түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби