19:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте билим берүү объектилеринин капиталдык ремонтуна 105 миллион сом каралды

Бишкектеги балдар бакчасы менен мектептердин капиталдык ремонтуна быйыл шаардык бюджеттен 105 миллион сом каралды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-мэр Уланбек Азыгалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн билим берүү объектилеринин титулдук тизмесин түзүү аяктап калды.

«Кайсыл бир объекттин терезесин, дагы биринин чатырын, сантехникасын, жылытуу системасын алмаштырыш керек. Ошондой эле актап, сырдоо зарыл. Бул иштердин баардыгы капиталдык оңдоо беренеси боюнча жасалат», — деди ал.

Былтыр капиталдык оңдоого 112,7 миллион сом каралган. Аларды 54 мектеп жана бала бакчаларга бөлүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар