07:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Президент бир катар спортчуларга сыйлык тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков XVIII Азия оюндарында жетишкендиктери, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдоого кошкон зор салымы үчүн айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык «Даңк» медалы менен Багынбай уулу Төрөкан — джиу-джитсу боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Жолчубеков Каныбек— грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Маслова Дарья — жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Мусаев Магомед — эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү, Тыныбекова Айсулуу — аялдар күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү сыйланышты.

Мындан сырткары «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностика дарыгери Алишева Бактыкүлгө ыйгарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар