Грузияда өткөн самбо боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык спортчу коло медалды утуп алды. Бул тууралуу эл аралык самбо федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдеш Тблиси шаарында 12-октябрда башталган.
Кыргызстандык спортчу Колбай Мусакулов 48 килограммга чейинки салмактык категория боюнча беттешке чыгып, Монголиянын спортчусун жеңип, 3-орунга ээ олду.