02:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде −1...-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-17-октябрларда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −1...-3° суук, күндүз 0...5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-2°үшүк, күндүз 4...9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 0...5°жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн −2...-7°, күндүз 0...-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −7...-12°, күндүз −2...-7° суук болушу күтүлөт.



Эң көп окулган жаңылыктар