Кыргызстандык спортчу эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште 3-орунду алды. Бул тууралуу Орусиянын спорттук күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нефтеюганскта мелдеш уюштурулуп, ага 15 мамлекеттен 130дан ашуун спортчу катышты. Медалдар 10 салмак категориясында ойнотулду.
Кыргызстандын атынан 6 балбан күрөштү. Икромжон Хаджимуродов коло утуп алды.