08:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Имамдар Ханафий мазхабы боюнча билимин жакшыртат

Кыргызстандын имамдары Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча билим алышат. Бул тууралуу муфтият билдирет.

Маалыматка караганда, Мусулмандар дин башкармалыгы аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Аймактагы имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жана алардын эл ортосундагы ынтымакты бекемдөөдөгү ролу» аталышындагы темада семинар өткөрүүдө.

Окуу семинарынын алкагчы бөлүгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында башталды.

«2018-жылдагы пландык иш чараларыбыздын негизинде аймактагы имамдарыбызды Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча окута баштадык. Окутуу иштери бардык облуста уюштурулмакчы. Окуу семинары менен кошо эле КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан даярдалган «Жума хутбалары» аттуу китепти таратабыз», — деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Эң көп окулган жаңылыктар