09:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 4 миллион долларга жакын грант бөлөт

Сауд өнүктүрүү фонду медициналык жабдууларга жана эт экспорттого 3 миллион 797 миӊ доллар өлчөмдөгү гранттарды бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа айылында жана Ысык-Көлдөгү Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктар менен жабдууга, Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен камсыздоого 1 миллион 245,2 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт.

Мындан сырткары Кыргызстандан Сауд Аравия Королдугуна этти экспортто үчүн Чүй областына карантиндик зона курууга 960 миӊ доллар өлчөмүндө грант бөлүнмөкчү. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоого 1 миллион 440 миӊ доллар өлчөмүндө каражат каралат.

Ветернария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстандын аймагына (карантиндик зона) заманбап соода-логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет. Ал үчүн Чүй облусунун аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Эң көп окулган жаңылыктар