22:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кербен жана Исфана шаарлары үчүн грант бөлүндү. Таза суу маселеси жакшырат

Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда жалпы суммасы 11,5 миллион еврону түзгөн насыялык жана гранттык макулдашууларга кол коюлду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4,1 миллион евро — насыялык каражаттар үчүн, ал эми калган 7,4 миллион евро — Кербен жана Исфана шаарлары үчүн грант катары берилди.

Аталган инвестициялар таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгүн бир кыйла жакшыртып, таза суунун жоголуусун азайтат. Ошондой эле, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жакшыртат жана эксплуатациялык чыгымдарды оптималдаштырат.

Эң көп окулган жаңылыктар