27 жаштагы Дөөлөс Айбек уулу 2017-жылдан бери Сауд Арабиянын Король Абдуллах атындагы илим жана технология университетинин докторантурасында билим алууда. Ал дүйнөнүн булуң-бурчунан топтолгон илимпоздор менен бирге илимий долбоорлордун үстүндө эмгектенүүдө.
Дөөлөс — Нарын облусунун кулуну. Ал 7-класска чейин Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы орто мектепте окуп, андан кийин кыргыз-түрк лицейинде уланткан. Физика сабагын жакшы окуп, республикалык олимпиадаларда ийгиликтерди жараткан Дөөлөс Түркиянын Анкара шаарындагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин физика факультетине өтөт. Кийин Билкент университетинде магистратураны аяктайт.
Мекендешибиз 24.kg агенттигине илим дүйнөсүнө сүңгүү үчүн эмнеге Сауд Арабияны тандаганын айтып, докторантурага тапшырууну каалагандарга кеп-кеңеш берди.
— Дөөлөс эмне үчүн Сауд Арабияны жана Жидда шаарындагы бул университетти тандап алдыңыз?
— Анткени бул университет жаш жогорку окуу жайлардын катарында болгону менен материалдык базасы жагынан дүйнөдө алдынкы орунда турат. Мында ар бир профессордун өзүнүн лабораториясы бар жана ал керектүү жабдуулар менен жабдылган. Белгилей кетсем, жабдуулардын, компьютерлердин баардыгы эң алдынкы үлгүдөгүлөр. Башка университеттерде мындай мүмкүнчүлүк жок.
Дүйнөлүк расмий рейтингте финансалык мүмкүнчүлүгү боюнча бешинчи орунда турат. Бирок, айрым маалыматтарга караганда, иш жүзүндө дүйнөдөгү эң бай экинчи университет болуп саналат.
— Стипендиядан сырткары, турак жай жагынан дагы кыйналган эмес турбайсызбы?
— Ооба, университет өзү үй берет. Андан тышкары, эс алуу үчүн дагы баардык шарттар түзүлгөн. Мисалы, кампуста спорттук зал, бассейн, футболдук талаа бар.
— Сауд Арабияда алгачкы күндөрү кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
— Сауд Арабияга окууга өтүп жатып, мени эки жагдай ойлондурду. Биринчиси — жаңы маданият, мен мындай чөйрөдө жашабагандыктан, көнүп кете алат бекен деп кабатыр болдум. Экинчиси — аба-ырайы. Бирок, мен мектептин бүткөндөн кийин эле чет өлкөдө жүргөндүктөн жаңы чөйрөгө менен аралашуу өтө кыйын эмес.
Албетте башында дос-тааныш жок болуп, көңүл чаппаган күндөр болду. Кийин Казакстандан, Нигериядан, Швециядан, Кытайдан келген балдар менен таанышып, достошуп кеттим.
Айтмакчы, Король Абдуллах атындагы илим жана технология университетинде окуган алгачкы кыргызмын. Буга чейин бир досум стажировкадан өтүп кеткен.
— Менин профессорум, илимий жетекчим Түркиядан.
Сауд Арабия илимге өтө маани бергендиктен университеттеринде жакшы шарттар түзүлгөн. Илим жана технология университети акыркы он жыл ичинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Мында электр инженерия, механика инженериясы, машинакуруу жана компьютердик технология багытында, так илимдерге окутат.Университеттеги 100гө жакын профессордун экөө гана араб, калганы Австралия, Италия, Америка, Кытай атуулдары. Дээрлик баары АКШ жана Европадан билим алышкан.
Дөөлөс Айбек уулу
— Кыргызстандан алган билим чет өлкөдө окууга өтүүгө, улантууга жетиштүү болдубу?
— Албетте Кыргызстанда алган билимимдин жардамы менен чет өлкөгө окууга өттүм. Кыргызстандын мектептеринде, университетинде окуган окуучулардын, эгер четте окуймун деген максаты болсо, тилегин ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
— Жакында эле АКШда илимий конференцияга катышып, долбооруңуз менен тааныштырып келипсиз. Кандай илимий эмгектин үстүндө иштеп жатасыз?
— Докторантурада окуу 4-6 жылга чейин созулат. Мында долбоорлордун үстүндө иш алып барабыз. Биз Максвелдин теңдемесин колдонуп, ага байланыштуу коддорду жазабыз. Мисалы, лабораторияда ар кандай эксперименттерди жасоо опурталдуу эмеспи. Биз Максвелддин тендемелеринин жардамы менен код жазып боло турган эксперементтерди компьютерде жасайбыз.
— Чет өлкөдө билимин улантууга кызыккандарга кандай кеңеш бересиз?
— Чет өлкөдө окуу үчүн англис тил сынактарынан өтүү керектигин баары эле билишет. Ал эми доктарантурага тапшырам дегендер GRE жана TOEFL жыйынтыктарын көрсөтүүсү керек. Андан сырткары, университетте долбоор үстүндө иштей турган профессор менен байланышы болсо жакшы. Анткени, илимпоздор көбүнчө өзү билген студентти тандайт. Профессор менен алдын-ала байланышып, өзүнүн эмгектерин жөнөтүп таанышып алса болот.
Мен окуп жаткан университетке калоочулар болсо, кеңеш берүүгө даярмын.
Негизи эле чет өлкөгө чыгып келген жакшы. Эл көрүп, жер көрүп, тажрыйба алып, Кыргызстан менен салыштырып, кемчиликтерибизди байкап дегендей.
— Келечекке пландарыңыз?
— Албетте биз билимди четтен алып жатабыз. Билим алгандан кийин дагы Кыргызстандан ыңгайлуу иш таба албай, четте иштегенге туура келет. Мен Кыргызстанга барып, алган билимимди, тажрыйбамды келечек муунга үйрөтүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошсом деген ниетим бар.
— Чет өлкөдө жүргөндө сизге эмне жетишпейт?
— Кыргызстанга жылына бир жолу барып турам. Мага Арабияда төрт мезгил жетишпейт. Бул жакта бир эле жай болот. Кышында абанын ысыгы 20-25ке түшкөнү болбосо, айлана-чөйрө өзгөрбөйт деле.
Чөл болгондуктан биздин бак-дарактар, жашыл чөйрөнү, бийик, арча-карагай баскан тоолорду, ата-эне, досторду сагынам.