7-октябрдан тартып өлкө аймагында аба-ырайы бузулуп, жамгыр жаап, абанын температурасы кескин сууктайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-6-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Ал эми 7-октябрдан баштап аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.