29-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
30-сентябрда жана 1-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
2-октябрда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт.
3-4-5-октябрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.