Кыргызстанда акыркы жума аралыгында доллардын наркы 35 тыйынга кымбаттады. Америкалык валюта августтун ортосунан бери көтөрүлүүдө.
Бүгүн акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 69,1-69,2 сомдон сатып алып, 69,4-69,5 сомдон сатышууда. Улуттук банк тарабынан номиналдык курс 69,05 тыйын деп коюлган.
Доллар өлкөдө августтан бери көтөрүлүүдө. Рубль менен тенгенин девальвациялангандыгы тууралуу билдирүүдөн кийин дароо кымбаттай баштаган.