16:36
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Улуттук банк доллардын наркын түшүрүү аракетинде

Улуттук банк рынокко дагы 3 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Белгилей кетсек, соңку төрт күндөн бери катары менен интервенция жүргүзүп жатат.

Ноябрь айында бешинчи, ал эми жыл башынан бери 20-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 400 миллион доллардан ашуун каражат коюлду.

Бүгүн, 20-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,78 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,90 сом болууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар