21:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Улуттук банк 11 миллион доллар сатыкка чыгарды. Бирок валюта наркы өсүүдө

23-сентябрда жалпы 11 миллион доллардан ашык каражат валюта рыногуна чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.

Улуттук банк ушуну менен сентябрда долларды сатуу боюнча экинчи ирет интервенция жүргүздү.

2020-жылдын башынан бери валюта рыногунда сатылган доллар 238,6 миллионду түздү.

Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. Кечээтен бери доллар наркы дагы 10 тыйынга өстү.

Бүгүн АКШ валютасы 79,15-79, 3 сомго сатылып алынып, 79,55-796 сомго сатылууда. 

 

Эң көп окулган жаңылыктар