Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йорк шаарына катардагы каттам менен учуп барып келди. Өлкө башчысы АКШдан кайтып келе жатып, учакта чогуу учкан жарандар менен сүрөткө түшкөн.
Белгилей кетсек, президенттин учагы ТУ-154 алыскы сапарларга уча албайт. Анүстүнө учактын эскилиги жеткендиги айтылып, жаңы сатып алуу сунушталууда.
Сооронбай Жээнбеков АКШда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышып келди.