16:46
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркто «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл койду

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Нью-Йорк шаарындагы 2001-жылы Дүйнөлүк соода борборунун талкаланган мунараларынын ордуна теракттын кесепетинен курман болгон адамдарды эскерүү үчүн орнотулган «11-сентябрь» Улуттук мемориалына гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда кабарлангандай, Президент Сооронбай Жээнбеков Нью-Йоркко Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясындагы жалпы дебаттарга катышуу үчүн келген.

Эң көп окулган жаңылыктар