16:59
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кара-Балтада милиция унаанын багажынан 4 жарым килограмм баңгизат тапты

Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарында рейд учурунда жол испекторлору тарабынан унаанын багажынан 4 жарым килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тартип сакчылары «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу жана жүргүнчү шек жараткандыктан унааны текшерүүгө алышкан. Анда багажынан спецификалык жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңгизат салынган спорттук баштык табылган.

1973-жылы туулган айдоочу жүргүнчү Кара-Балта шаарынын тургундары экени аныкталды. Алар баңгизатын өздөрү колдонуу үчүн чогултканын айтышкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар