03:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Астана администрациясы кызматтык унаадан баш тартып, такси менен жүрө баштады

Астана администрациясы кызматтык унаадан баш тартып, такси менен жүрө баштады. Аткаминерлердин айтымында, мындай жол менен алар салык төлөөчүлөрдүн акчасын үнөмдөшүүдө: муниципалитет жыл сайын жаңы унаа сатып алууну токтотот, мурда сатылып алынган 60тан ашуун машинаны мектеп жана ооруканаларга беришет.

Астана акиминин биринчи орун басары Сергей Хорошун сентябрдан бери салык төлөөчүлөрдүн эсебинен такси менен жүрүүдө. Таксиси өзүнчө, кара түстө жана аны гана ташыйт. Администрациянын башка чиновниктеринин таксилери жөнөкөй жана түстөрү ак.

Айдоочулардын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер күндө орто эсеп менен төрт жолу таксиге отурушат. Чиновинктердин эсебинде беш жылда алар 600 миллион теңге үнөмдөшөт.

Шаардыктар болсо аткаминерлер такси менен эмес автобус менен жүрүшсө, элдин турмушун чындап билишмек деп эсептешет.

Астананын жаңы акими Бахыт Султанов көптөн бери транспорт колдонбой турганын, жөө жүрөрүн айтты. «Мен мурда деле эртең менен ишке жөө барчумун. Азыр айланып жүрүүгө туура келет, бирок менин жумушум үйүмдөн алыс эмес. Бул пайдалуу, көчөдө баратып кемчиликтерди байкап, тиешелүү тапшырмаларды берип турам. Күндүз жумушка такси менен барам, себеби акимчиликтин мурдагы жетекчилиги кабыл алган прогрессивдүү идеаларды токтотпой, улантуу керек», — деди Астана акими Бахыт Султанов.

Акимчиликтен билдиришкендей, кызматкерлер эконом-класстагы таксилерди гана чакыра алышат, аларга акчалай чектөө коюлган. Эгер чиновниктер бул чектен ашып кетсе, жөө жүрүүгө туура келет.

Эң көп окулган жаңылыктар