00:23
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ТИМ: Иркутскидеги калайман мушташта кыргызстандык 5 жаран жаракат алган

23-июнда Орусиянын Иркутск облусундагы Жигалов районундагы газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык жарандардын ортосунда калайыман мушташ чыккан.

500дөн ашуун адам катышкан мушташта беш кыргызстандык жаран түрдүү жаракат алган, бир адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Орусиядагы элчилик жабыркаган кыргыз жарандары менен байланышып, укуктук жардам берип жатканын маалымдады.

«Элчиликтин консулу Иркутск шаарында окуя болгон жакка барып, жергиликтүү укук коргоо кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугат жана кыргызстандык жарандарга консулдук-укуктук жардам көрсөтөт», -деп кабарлады Тышкы иштер министрлиги.

Маалыматта айтылгандай, калайман мушташ фактысы боюнча Орусиянын күч кызматтары тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул маселе Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жана Иркутск шаарындагы консулдун көзөмөлүнө алынган.

Орусиянын жергиликтүү басылмалары жана соцтармактарда Иркутскиде иштеп жаткан кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгону тууралуу маалымат тараган. Алардын саны болжолдуу 300-500 болушу ыктымалдыгы жазылган. Мушташтын себеби түшкү тамактануу үчүн ашканага кезек талаш болгону айтылып жатат. Маалыматтарга ылайык, мушташ түшкү тамактан чыккандан кийин болгон.

Орусияда буга чейин дагы Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар мушташкан, кыргыз жарандары камалган учурлар катталган.

3-июнда Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык жана тажикстандык мигранттардын калайман мушташы болгон. Кыргызстандын бир жараны ооруканага жеткирилген. Полиция беш кыргыз жаранын кармап, үчөөнү тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берген, калган экөө камалган. Полиция бул фактыга байланыштуу «бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Эң көп окулган жаңылыктар