17:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан Катар менен аскердик тармакта кызматташат

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында 13 документке кол коюлду. 

Алар төмөнкүлөр: 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду түзүү жана иштетүү жөнүндө макулдашуу.

2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

4.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы бажы мыйзамдарын оптималдуу колдонуу жана бажылык тартип бузууларга бөгөт коюу жана ага каршы күрөшүү максатында өз ара административдик жардам жөнүндө макулдашуу.

5.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы ветеринария тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда спорт тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

7.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Катар Мамлекетинин Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

8.Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.

9. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Катар Мамлекетинин муниципалитет иштери боюнча министрлигинин ортосунда айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандум.

10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Катар Мамлекетинин Финансы министрлигинин ортосундагы биргелешкен кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Катар мамлекетинин Ички иштер министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

12.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катар Мамлекетинин Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын ишмердиги жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум. 

13. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен Катар авиациялык колледжи ортосунда адистерди даярдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Эң көп окулган жаңылыктар