22:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

11-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн биригелешип аракеттенүүсүнө багытталган айрым документтерге кол коюлду.

Эки өлкө башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиев мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту. Мындан сырткары Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азарбайжандын өкмөтү Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол койду. Ошондой эле бир катар министрликтин жетекчилери өз багытында кызматташуу боюнча программага, протокол жана меморандумга кол коюшту.

Ал документке ылайык, Бишкек менен Баку шаарлары достук мамилелерди өнүктүрмөй болду. Жалпысанан эки тараптуу тогуз документке кол коюлган.

«Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү арттыруу зарылдыгы боюнча орток түшүнүк бар экени кубандырат. Ошентсе да соода жүгүртүүнүн азыркы деңгээли али өз дараметине жете элек. Биз Азербайжан Республикасынын бизнес коомчулугунун биздин рынокто болушун кубаттайбыз, ошондой эле мындан ары өнөктөш катары кызматташууга ачыкпыз. Инвесторлорду коргоого кепилдик беребиз жана эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз», — деди президент Жапаров жолугушууда.

Илхам Алиев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 11-октябрда келди. Аны «Манас» эл аралык аба майданынан президент Жапаров тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышты. Алгач тар жана кеңири чөйрөдө жолугушуулар болду.

Мындан тышкары «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Эң көп окулган жаңылыктар