20:08
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Карызга малынган «Эйр Кыргызстан». Башчысы банкрот эмеспиз дейт

Жогорку Кеңеште «Эйр Кыргызстан» компаниясы кандай абалда экендиги талкууга алынды.

Депутат Таабалды Тиллаев «Эйр Кыргызстан» компаниясынын башчысы Жолдошбек Бектургановдон «Эйр Кыргызстан» банкротко учурадыбы деп кызыкты. Башчы компаниянын учурда иштеп жатканын айтты.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча киреше дагы алып келген. Бирок, аталган компания «Кыргызалтын» ААКнын алдында 100 миллион сомго карыз болуу менен негизделген. Карыздын бир бөлүгү гана төлөнгөн.

Дагы бир көйгөй учактардын жетишсиздиги. Компаниянын 2 учагы бар болчу. Жакында эле бирөөсүнүн компьютери жарактан чыгып калды. Мындан улам, учурда бир гана учак кызмат көрсөтүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума