00:43
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чүйдө аскер комиссариатынын кызматкери жаш жигиттен пара талап кылган

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматкери жаш жигитти аскер кызматына чакырбай турганын айтып, пара талап кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, пара талап кылган кызматкер аскер комиссарынын орун басары болуп эмгектенип келген.
 

«Капитан Д.Б. жаш жигитти аскерге чакырбай турганын айтып, пара талап кылган. Ал акча алып жаткан жеринен кармалды. Учурда Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар