17:19
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кожобек Рыспаевдин КСДП фракциясынан өз ыктыяры менен кетүү ниети жок

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев КСДП фракциясынан өз ыктыяры менен кетүүгө ниеттенген жок. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтымында, депутаттын кесиптештеринин алдында эч кандай күнөөсү жок, мындан улам фракциядан кетүүгө камданбайт.
 

«Албетте, эгерде фракциянын көпчүлүгү мени кетсин деп добуш беришсе, менин кетишим керек. Бирок, мен өз ыктыярым менен курамдан чыгуу ниетим жок. Кандай негизде кетишим керек? Ооба, мен радиодон КСДПда жемкорлук бар деп айткам. Эмне андай эмеспи? Карасаңар партиянын мүчөлөрүнүн жарымы УКМКнын тергөө абагында отурушат. Аларга ЖЭБ боюнча жемкорлук айыбы тагылууда. Мен эмне калп айтыптырмынбы? Жемкорлук тууралуу айтып эле келгем, айта да берем», — деди Кожобек Рыспаев.

Эң көп окулган жаңылыктар