21:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Депутат «Кыргызское взморье» санаториясында баалардын өтө жогору экенине нааразы

«Кыргызское взморье» санаториясында баалар абдан эле жогору. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплекси жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

«Мен жакында эле бир жума эс алып, 26 миң сом төлөдүм. Бул абдан көп сумма. Ал эми 100 чарчы метр аянттагы кафе жылына 300 миң сом төлөйт», -деп депутат «Кыргызалтын» ААКнын башчысы Алмаз Алимбековго кайрылды.

«Санаторияда бассейн иштебейт. Шарттары канааттандыраарлык эмес», -деди депутат Бактыбек Турусбеков. Буга чейин «Кыргызалтындын» төрагасы Алмаз Алимбеков былтыр санаторий 14 миллион сом киреше тапканын айткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума