12:39
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Кыргызалтындын» директору менен Жогорку Кеңештин депутаты айтыша кетти

«Кыргызалтындын» жетектөөчү курамынын айлыгы тууралуу кезектеги маселе ААКнын башчысы Алмаз Алимбеков менен отун-энергетикалык комплекс жана тоо-кен байлыктарын пайдалануу боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктү жаратты.

Кожобек Рыспаев мекеменин жетектөөчү кураманын айлыгы тууралуу 3 жолу кеп салды.

«Мен сизге мындай маалыматты ким бергинин билем. Бул коммерциялык, жамааттык маселе. Айлык бул жактан талкууланбашы керек», -деди Алмаз Алимбеков.

«Бул сиздин жеке жайыңыз эмес. Сиз мени менен тартышпай эле коюңуз! Эгерде мамлекеттин үлүшү болгон болсо, анда сураганга укуктуубуз. Сиз болсо ар кайсыл алтын чыгуучу жайда отуруп алып айлык алып жатасыз», -деди депутат.

Буга чейин Кожобек Рыспаев «Кыргызалтындын» жетекчисинин айлыгы жылына 16 миң долларга чейин чыга турганын айткан. Алмаз Алимбеков Centerra Goldдун директорлор кеңешинин Кыргызстандагы өкүлдөрүнүн маянасы 10 миң долларга жетпей тургандыгын билдирди. Ал өзү «Кумтөрдүн» өлкөгө болгон үлүшүнөн 4 миң доллар алат.

Эң көп окулган жаңылыктар