23:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Президент УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачылыш аземине катышып, батирлеринин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн улуу майрам Эгемендүүлүк күнүнүн алдында бул жакшылыкка ортоктош болуп жатканына кубанычта экенин билдирди. Ал Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү уланып жатканын белгиледи.

Быйыл жалпысынан 216 батирлүү 4 үй курулуп бүттү. Жылдын аягына чейин 1245 батирлүү 21 үйдүн курулушун аяктоо пландаштырылууда. Ал үйлөр Бишкек шаарында, Баткен, Талас, Жалал-Абад жана башка облустарда курулуп жатат. Бүгүн 81 үй-бүлө квартиралуу болууда. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине көрсөтүлгөн колдоо, социалдык кепилдикке алуунун деңгээли дагы да жогорулайт.

.

Эң көп окулган жаңылыктар