Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров 1 жылдык режиссердук курска каалоочуларды кабыл алуусун баштады. Бул тууралуу Кыргыз кинематография департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, окуу 2018-жылдын ноябрь айында башталат. Курска кабыл алуу, баарлашуу жана чыгармачылык иштерин көрүү аркылуу тандалып алынат.
Окуу төмөндөгүдөй багытта жүргүзүлөт:
— ойномо жана ойномо эмес кинолордун режиссердугуна үйрөтүү
— кинодраматургия
— оператордук мастерствонун негиздери
— актердук мастерство
— киноөндүрүш
Кабыл алуу Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын: 3-этаж, кинокомпания «Тазардын» офисинде болот. Сурап билүү тел: