23:04
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

«Бир дүйнө» «Кыргызтасмасы» боюнча башкы прокурор менен акыйкатчыга арызданды

«Бир дүйнө» укук коргоо кыймылы кинофестивалдын программасына кирген «Записки военного времени» тасмасына тыюу салынгандан кийин башкы прокурор менен акыйкатчыга даттануу жолдоду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине укук коргоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, 14-ноябрда «Кыргызтасмасы» киноборбору кыймыл сунуштаган даректүү тасмаларга мамлекеттик күбөлүктөрдү берген. Тизмеде Барбара Купистин «Записки военного времени» тасмасы да болгон. Бирок 24-ноябрда алар ЖМКлардан күбөлүктүн алынганын билишкен.

«Бир дүйнө» фестивалы «Кыргызтасмасы» тарабынан ыйгарым укуктарынан аша чабуу орун алып жатканын белгилешкен. Анткени республиканын мыйзамдарында буга чейин берилген күбөлүктү кайра алуу каралган эмес. Мындан тышкары, кино борбору расмий билдирүү берген эмес жана муну менен административдик жол-жобону бузган.

Башкы прокурор менен акыйкатчыдан «Кыргызтасмасынын» аракеттерине юридикалык баа берүүнү, күбөлүктү кайтарып алууну жокко чыгарууну жана жооптуу чиновниктерге карата чара көрүүнү суранышты.

Бүгүн «Бир дүйнө» кинофестивалынын программасынан дагы бир тасма алынганы белгилүү болду.

Эң көп окулган жаңылыктар