03:38
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Башкортостанда кыргыз режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлөт

Январдын аягында Башкортостанда кыргыз режиссерлорунун тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги өлкөнүн Кинематографисттер союзунун төрагасы Зухра Буракаевага шилтеме жасап билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Кинематографисттер союзу өз фильмдеринин аудиториясын кеңейтүүгө кызыкдар жана аларды акысыз берет. Бул прокатка чыгарылбаган жана фестивалдардын программасына кирбеген тасмалар.

«Бул чакан бюджет менен бирок татыктуу деңгээлде тартылган улуттук кинонун үлгүсү», — деп жыйынтыктады Зухра Буракаева.

Эң көп окулган жаңылыктар