07:07
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат

Режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» аттуу тасмасы Россияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, 11-апрелден тарта «Бейиш эненин таманында» тасмасы Россияда жана Өзбекстанда кеңири прокатка чыгат.

Белгиленгендей, атамекендик кинонун тарыхында биринчи жолу кыргыз тасмасы Орусияда кеңири прокатка чыгып жатат.

Тасма орус тилине дубляждалган. Ошондой эле аны түрк жана араб тилдерине которуу пландалууда.

Кинодо психикалык өнүгүүсү 8 жаштагы баланын деңгээлинде калган 35 жаштагы Адилдин жана 75 жаштагы Райхан апанын айылдагы жашоосу, эне-баланын укмуштуу окуялар менен коштолгон Меккеге болгон сапары баяндалат.

Буга чейин бул тасма Казакстанда да көрсөтүлүп, 1 миллион доллардан ашык акча чогулткан.

Эң көп окулган жаңылыктар