09:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Каза тапкан спортчунун өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды

Токмокто кикбоксинг боюнча мелдештен кийин каза тапкан баланын өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды.  Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-августта 14 жаштагы өспүрүм мелдеш учурунда каза болгон. Ал Ош облусунан Токмок шаарына спортчу Руслан Абасовду эскерүү үчүн уюштурулган кикбоксинг боюнча мелдешке келген.

Спортчу биринчи раундда атаандашынан бир нече жолу сокку жеп эс-учун жоготкон. Ага дарыгер алгачкы медициналык жардамды көрсөтүп, кийин аймактык ооруканага жеткиришкен. Бала ооруканага келгенде каза болуп калган.

Учурда иликтөө жүрүп жатат.




Эң көп окулган жаңылыктар