Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтагы оюндар 26-августка чейин уланып, жарым финалдык беттештер 28-августта болот. Ал эми мелдештин финалы 30-август күнү өтөт.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:
«А» тайпасы: «Арашан», «Толкун», «Сын-Таш»;
«В» тайпасы: «Четинди», «Сокулук», «Шыралжын»;
«С» тайпасы: «Нурлан Көк-Жал», «Төш-Булак», «Сары-Өзөн Рассвет»;
«D» тайпасы: «Бакубат-Талас», «Келечек, «Алыкул».
24-августта орун ала турган беттештер:
«Арашан» — «Толкун»;
«Четинди» — Сокулук»;
«Нурлан Көк-Жал» — «Төш-Булак»,
«Бакубат-Талас» — «Келечек».