13:01
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ноокат райондук кеңештин депутаты пара алып жаткан жеринин кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Он эки-Бел айыл өкмөтүнүн депутаты менен бирге жер боюнча адисти колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекеменин аймактык бөлүмүнө М.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Он эки-Бел айылындагы депутат менен жер боюнча адис экөө 80 миң сом пара талап кылганын айткан.

Окуяга шектүү делгендер 17-августта 50 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар