09:03
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Азиада-2018: Медалдык эсепте Казакстан онунчу келатат

Азия оюндарынын төртүнчү күнүндө Казакстан спортчулары жети медаль утту, бирок арасында алтын жок. 21-августта эки казак балбаны финалда Түштүк Корея спортчуларына утулуп калышты.

67 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан казакстандык балбан Алмат Кебиспаев финалга чейин грек-рим күрөшү боюнча Тайбэй, Индия жана Ирандан барган спортчулардын үстүнөн жеңишке жеткен. Финалда болсо 2013чү жана 2017-жылкы дүйнө чемпиону, 2014-жылы Инчхондо өткөн Азия оюндарынын жеңүүчүсү Рю Хан Суга (Түштүк Корея) утулуп калды.

Бул 30 жаштагы Алмат Кебиспаевдин Азия оюндарындагы экинчи медалы. Инчхондогу оюндарда ал коло медаль тагынган. Мындан тышкары 2011чи жана 2018-жылдары Азия чемпионатында алтын медаль уткан.

Грек-рим күрөшү боюнча 2017-жылкы дүйнө чемпионаты менен Азия чемпионатынын күмүш медалдарынын ээси Майрамбек Айнагулов (60 килограмм) Азия оюндарында коло байге тагынды. Жарым финалда ал 0:9 эсебинде кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубековго утулуп калды. Коло медаль үчүн күрөштө ал түштүк кореялык Ри Се Унду 13:5 эсебинде жеңди.

21-августта 76 килограммдык салмак категориясында күрөшкөн балбан Эльмира Сыздыкова (Риодогу Олимп оюндарында коло медаль уткан) үчүнчү орун алды. Алгачкы беттешинде ал кытайлык Ужоу Цянга утулуп калган. Бирок кийин кытай спортчусу финалга чыккандыктан, анда коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүндүгү жаралган.

Мындан тышкары ал күнү таэквандо боюнча Казакстан курамасынын мүчөлөрү бир күмүш жана бир коло медаль утушту. 67 килограммдык категорияда күч сынашкан Жансел Деңиз кыз-келиндер арасында күмүш медаль тагынды. Финалга чейин ал филиппиндик спортчуну 8:7, вьетнамдык спортчуну 16:1 жана өзбекстандык спортчуну 16:1 эсебинде уткан. Финалда ал 2014-жылкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү Дабин Лиге (Түштүк Корея) 21:27 эсебинде жеңилип калды.

Азырынча мелдалдык эсепте алдыңкы үчтүктө Кытай (30-18-12), Жапония (12-17-18) жана Түштүк Корея (8-12-14) өлкөлөрү келатышат. Азия оюндары 2-сентябрда аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума